Быйыл 1 825 адам "Социалдык келишим" программасына катышууга арыз жолдоду

Быйыл 1 825 адам "Социалдык келишим" программасына катышууга арыз жолдоду

11-мартка карата республика боюнча "Социалдык келишим" программасына катышуу үчүн 1 825 арыз келип түшкөнүн Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 607 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн, мында долбоорлордун эң көп саны айыл чарба тармагында (341 келишим) ишке ашырылууда.

Министрликте белгилешкендей, 2026-жылы республика боюнча 13 333 аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлө "Социалдык келишим" программасынын алкагында 150 миң сомдон ала алышат.

Ведомстводо эске салышкандай, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган "Социалдык келишим" программасы 2022-жылдан тартып президенттин демилгеси менен ишке ашырылып келет.

Долбоор ишке ашырылган төрт жылдын ичинде 48 557 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлүп, алар өздөрүнүн бизнес-демилгелерин ишке ашырып жатышат. Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагына туура келет — 73,3%, өндүрүш тармагында — 13,8%, соодада — 6,7%, ал эми кызмат көрсөтүү тармагында — 6,2%.

Башында социалдык келишим боюнча жардамдын көлөмү 100 миң сомду түзгөн, бирок 2025-жылдан тартып ал 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

Социалдык келишимди алгачкылардан болуп алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 14ү жылдык кирешесин 1 млн сомдон жогору деңгээлге жеткирген.

Белгиленгендей, долбоорго катышкандардын 94,2%ын аялдар түзөт, алардын көбү айыл жергесинде жашашат. Программаны ишке ашыруунун натыйжасында 57 миңден ашык кошумча жумуш орду түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media