Ноокатта заманбап талаптарга жооп берген жаңы мектеп курулду

Ноокатта заманбап талаптарга жооп берген жаңы мектеп курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Герейт-Шорон мектебинин курулушу толук бүткөрүлдү, жакында пайдаланууга берилет. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, наркы 74 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Башкы план боюнча мектеп 225 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы бар. Мындан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстары каралган. Объекттин жалпы аянты 1705 чарчы метрди түзөт. 

Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптардын негизинде жүргүзүлүп, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө аткарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Борбор Азияда өз ара пайдалуу электр рыногу түзүлөт

Борбор Азияда өз ара пайдалуу электр рыногу түзүлөт

Дүйнөлүк банк 10 жылга эсептелген "Борбор Азияда электр энергия рыногун өнүктүрүү жана энергосистемаларды интеграциялоо" программасын (REMIT — Regional Electricity Market Interconnectivity and Trade) бекитти. Программа аймактагы энергетикалык ресурстарды өз ара толуктоо принциби менен пайдаланууга багытталган. Анын алкагында Кыргызстан жана Тажикстандагы гидроэнергетика, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандагы жылуулук электр станциялары, ошондой

Таласта реестрге катталбаган объектке 200 миң сом айып салынды

Таласта реестрге катталбаган объектке 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерин текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Талас региондук башкармалыгынын инспекторлору Айтматов районунун Чоң-Кара-Буура айылынын четиндеги 78-контурда курулуп жаткан асфальт-бетон заводун текшеришти. Текшерүү учурунда объект куру

Кыргызстан ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен турак жайларды пайдаланууга берүү боюнча 2-орунда турат

Кыргызстан ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен турак жайларды пайдаланууга берүү боюнча 2-орунда турат

2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 1 млн 491,4 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 31,4%га жогору болгонун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) статистика департаментинин маалыматы күбөлөндүрөт. Кыргызстандагы өсүш Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичиндеги эң байкаларлыктардын бири болду. Мындан жогору

Быйыл Жалал-Абадга 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл Жалал-Абадга 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат

Өлкөдөгү санариптештирүү саясатынын алкагында Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын натыйжасында 2025-жылы «КУЭТ» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасында пландын негизинде 82 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Атап айтканда, Сузак районунда 34 711, Базар-Коргон районунда 33 650, Майлуу-Суу шаарында 7 165 жана Кара-Көл шаарында 6 501 даана акылдуу