ЖККУ жыйынына байланыштуу Бишкектеги бардык мектептер онлайн окууга өтөт

ЖККУ жыйынына байланыштуу Бишкектеги бардык мектептер онлайн окууга өтөт

25-27-ноябрында Бишкек шаарында мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар, анын ичинде ЖККУ мамлекет башчыларынын кеңешинин отуруму өтөт. Бул мезгилде шаарда айрым объектилердин иштөө режимине жана транспорт кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбордук көчөлөрдө жана расмий делегациялардын маршруттары боюнча унааларга чектөөлөр кирет. Тургундарга маршруттарды алдын ала пландаштырууну сунуштайт. Ошондой эле “Ош базары” жана “Сары-Өзөн” базарлары санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот.

Мындан тышкары, ЖККУ жыйынына жана алдын ала санитардык даярдыкка байланыштуу борбор калаадагы бардык мектептер 25-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн окууга өткөрүлөт. Сабактар бекитилген графикке ылайык өтүп, окуу программасынан артка калуу болбойт. 2-декабрдан баштап кадимки форматта окуу улантылат. Борбор калаадагы жогорку окуу жайлар 25-27-ноябрга чейин онлайн режимде окушат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын коопсуздугун камсыздоо жана расмий иш-чараларга даярдоо боюнча убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну сурайт.

Мындан тышкары окуңуз

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

13-апрелде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү тууралуу токтом долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Медер Чотонов билдиргендей, документтин максаты энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды. Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы