Кыргыз сомун айрыган чет өлкөлүк кармалды
Улуттук валютаны айрыган чет элдик жаран өлкөдөн чыгарыларын Бишкек шаардык мэриядан “Кабар” агенттиигине билдиришкен.
Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда чет элдик жаран Кыргызстандын улуттук валютасын демонстративдүү айрып, мамлекеттин символдоруна жана коомдук адеп-ахлак нормаларына карата сыйлабастык кылган видео тараган.
25-ноябрда милиция кызматкерлери видеодогу чет өлкөлүк жарандын аты-жөнүн аныкташып, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы төрөлгөн чет өлкөнүн жараны С.А.ны кармашкан. Анын Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн тастыктаган документтери жок экени аныкталды.
Учурда миграция мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча аталган чет өлкөлүк жарандыКыргызстандан чыгаруу иштери жүрүп жатканы айтылат.