Баткен облусунун 77%ы арзан көмүр менен камсыздалды

Баткен облусунун 77%ы арзан көмүр менен камсыздалды

Баткен облусунун 77%ы арзан көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, облустун калкын арзан баада көмүр менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бийлик органдары менен Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын ортосунда келишим түзүлгөн. Арзан көмүр жеткирүү иштери активдүү уланууда.

25-ноябрда Сүлүктү шаарынан Кызыл-Кыя шаарына жана Кадамжай районунун элине 424 тонна көмүр жеткирилди. Ар бир айыл аймакка калыс бөлүштүрүлүп, бир кабы 380 сомдон сатылууда. Ошондой эле Лейлек районуна да көмүр жеткирилип, айыл аймактарда баасы 270 сомдон сатылууда.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун эли 77% көмүр менен камсыз болду. Тагыраагы 77 миң тонна көмүр ташылып, калкка сатылды. Баткен облусунун калкынын бир жылдык керектөөсү 100 миң тоннаны түзөт.

Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринен ортомчусуз облус аймагына 20 миң тонна көмүр жеткирилди. Анын баасы 6,50 тыйындан 8,50 тыйынга чейин белгиленди. Бул эл тарабынан эң көп суроо талап жогору болгон көмүрдүн БР (орешка) түрү болуп эсептелет.

Ал эми "Кыргыз көмүр" ААК тарабынан облус аймагына 586 миң тонна көмүр ташылып берилди. Ошондой эле социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөргө 305 тонна көмүр акысыз жеткирилди.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди. Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү жана альтернативдүү энергия булактарын көбөйтүү боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон. Ага ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергетикалык дефициттен чыгуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 853 000 сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген. Анын