Бишкекте 5,2 млн сомдук мыйзамсыз дары-дармектер табылды

Бишкекте 5,2 млн сомдук мыйзамсыз дары-дармектер табылды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери менен биргеликте Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салыктык текшерүү учурунда мыйзамсыз медициналык дары-дармектерди жана буюмдарды, ошондой эле тиешелүү лицензиясы жок иштеп жаткан жеке клиникаларды аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, борбордогу жеке медициналык клиникалардын бирин текшерүү учурунда ар түрдүү медициналык дары-дармектер жана буюмдар, анын ичинде баштапкы документтери жок медициналык жабдуулар табылган. Ошондой эле, аталган клиника ишмердүүлүгүн салыктык каттоосуз жана тиешелүү лицензиясыз жүргүзүп келгени аныкталды.

Мындан тышкары, фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиясыз жүргүзгөн Б.А.М. аттуу башка жеке ишкерге таандык кампадан Кыргыз Республикасынын медициналык буюмдар реестрине киргизилбеген медициналык дары-дармектер табылган.

Текшерүү учурунда дары-дармектердин кутуларына "медициналык буюм" деген оригиналдуу марканын үстүнөн "косметикалык каражат" деген этикеткалар чапталгандыгы да белгилүү болгон.

Салык кызматынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, жалпы суммасы 5,2 млн сомдук дары-дармек алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Мэрия Ч.Айтматов проспектисиндеги жер маселесин сотко чейин чечүүгө өттү

Мэрия Ч.Айтматов проспектисиндеги жер маселесин сотко чейин чечүүгө өттү

Мэр Айбек Джунушалиев Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жер тилкелерине байланыштуу 29 доо арызын кайтарып алууну тапшырды. Мэриянын маалыматына ылайык, бул чечим маселелерди соттон тышкары чечүүгө жана жер ээлери менен натыйжалуу байланыш түзүүгө багытталган. Ленин районунун акимине алгач жарандарга альтернативдүү, бирдей жер тилкелерин берүү жана баш

Кыргызстан Кытайга 32 түр айыл чарба продукциясын экспорттой алат

Кыргызстан Кытайга 32 түр айыл чарба продукциясын экспорттой алат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытайга продукция экспорттоого кызыккан ата мекендик өндүрүүчүлөргө жана экспорттоочуларга маалымат берип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташуусу кеңейип жаткан шартта өлкө КЭР рыногуна экспортту жандандыруу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө. Бул иштерге уруксат документтерин

Кыргызстан ЕБ менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багыт алды

Кыргызстан ЕБ менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багыт алды

26-ноябрда Ташкент шаарында өткөн "Европалык союз – Борбор Азия" Үчүнчү экономикалык форумуна Кыргызстан жигердүү катышып, регионалдык жана эл аралык кызматташтык боюнча өз позициясын билдирди. Бул туралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдар жана бизнес өкүлдөрү катышып, экономика, транспорт, жашыл энергетика жана санариптик интеграция сыяктуу

В.Путин: "Россия бюджети импорттон он миллиарддаган рублди ала албай калып жатат"

В.Путин: "Россия бюджети импорттон он миллиарддаган рублди ала албай калып жатат"

Россия президенти Владимир Путин Казакстан менен Россиянын чек араларында жүктөрдү өткөрүү көйгөйү тууралуу россиялык журналисттердин суроолоруна жооп берди "Коммерсантъ" жазды.  “Ооба, мындай көйгөй бар. Ал эмнеден чыкты? Жашырбайм, менин тапшырмам менен Бажы комитети жолдордо тандалма текшерүүлөрдү жүргүзө баштаган. Көрсө, көп жүк ташуучу унаалар россиялык-казакстандык чек ара аркылуу эч