В.Путин: "Россия бюджети импорттон он миллиарддаган рублди ала албай калып жатат"

В.Путин: "Россия бюджети импорттон он миллиарддаган рублди ала албай калып жатат"

Россия президенти Владимир Путин Казакстан менен Россиянын чек араларында жүктөрдү өткөрүү көйгөйү тууралуу россиялык журналисттердин суроолоруна жооп берди "Коммерсантъ" жазды. 

“Ооба, мындай көйгөй бар. Ал эмнеден чыкты? Жашырбайм, менин тапшырмам менен Бажы комитети жолдордо тандалма текшерүүлөрдү жүргүзө баштаган. Көрсө, көп жүк ташуучу унаалар россиялык-казакстандык чек ара аркылуу эч кандай документи жок эле өтүп кетет экен”,-дейт В.Путин. 

Анын айтымында, ар бир мындай чоң жүк, унааларда мамлекеттер аралык келишилген документтер болушу керек. 

“Алар өтө деле көп эмес. Андай документтерде жүк ташуучу унаада эмне бар экендиги, кайсы дарекке бара жатканы жазылышы керек. Андай болбой биз текшерип баштаганда эле документтер жок экени аныкталды. Кара импорт биздин бажы территориябызга жөн эле жөөлөп келип жатат! Россия федерациясы миллиарддаган, он миллиарддаган рублдарды бюджетке ала албай калып жатат”, -деди Россия лидери.  

Буга улай ал бул маселе боюнча Казакстан президенти Касым Жомарт-Токаев менен сүйлөшүп, чек арадагы жүк ташуучу унааларды Россия тарапка киргизүү боюнча макулдашышканын билдирген. 

“Биз акырындык менен аларды киргизебиз. Башталышы үчүн бир нерсе төлөшсүн! А кийинки жылдан тарта биздин бажы кызматы бардык тиешелүү документтерди сурай баштайт. Түшүнөсүздөрбү, фураларда мыктан баштап бриллиант, телевизорлорго чейин болуп жатат. Жок дегенде беш тыйындык боону жазышып, бирдеме төлөй башташсын”,-деген В.Путин журналисттерге.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media