Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдында эскертүү

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдында эскертүү

Добуш берүү тартиби боюнча айрым жарандар арасында түшүнбөстүктөр байкалып, көптөгөн суроолор пайда болууда. Өзгөчө көп тараган жаңылыш пикирлердин  бири- “Бир округдан үч депутат шайланат, ошондуктан үч талапкерге добуш берсе болот экен” деген маалымат. Бул –туура эмес. Ушул жана башка маанилүү маселелерди  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар БекматовБиринчи радионун” түз эфиринде түшүндүрүп берди. Анын айтымында:

-Бир мандаттуу округдан шайлоочу бир гана талапкерге добуш берет.
-Бир округдагы үч мандат тең бир жыныстагы талапкерлерге берилбейт-бул мыйзамдагы тең салмактуулук талабы.
-Шайлоочу башка региондо жүрсө да, өзүнүн округундагы талапкерге добуш бере алат.

Ошондой эле БШК өкүлү 90 мандаттын 30дан кем эмеси бир жыныстагы депутаттарга бериле тургандыгын жана шайлоочулар бюлетенге 1ден ашык же такыр белги койбой койсо, ал бюллетен жараксыз болуп калаарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулган акчанын таза агымы 220,3 млн $ түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын декабрь айындагы 267,6 млн $ салыштырмалуу төмөндөгөн. Маалыматка караганда, акча которуулардын негизги бөлүгү Россиядан которулуп келген. Январь айында бул өлкөдөн 200,8 млн $ которулуп, жалпы агымдын

Быйыл дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди

Быйыл дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди

Айыл чарба тармагын колдоо максатында 2026-жылы дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана заманбап техника берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылдан бери Министрлер Кабинетинин колдоосу менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу 7 лизинг

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Уучурда штаттык режимде иштеп, электр энергиясын туруктуу өндүрүп жатат. Аталган станция 2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда пайдаланууга берилген. Аталган ГЭС ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Кырчын капчыгайында жайгашкан "Кырчын" турбазасы мыйзам бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга берилгени аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мүлктүк комплекс 1997-жылы мыйзам талаптарын одоно бузуу менен менчикке өткөрүлгөн. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн "Кырчын"