Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Уучурда штаттык режимде иштеп, электр энергиясын туруктуу өндүрүп жатат. Аталган станция 2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда пайдаланууга берилген.

Аталган ГЭС ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрдү.
  • 2025-жылы — 10 млн 289 миң кВт/саат
  • 2026-жылы — 12 млн 413 миң кВт/саат

Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында "Чакан ГЭС" ААКнын катышуусу менен ишке ашырылган.

Кара-Көл ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу 18 МВтты түзөт. Орточо жылдык электр энергиясын өндүрүү көлөмү 110 млн кВт/саат деп күтүлүүдө.

Мындай долбоорлор өлкөнүн генерациялык кубаттуулугун жогорулатып, гидроэнергетикалык потенциалды натыйжалуу пайдаланууга жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто курулуш талаптарын бузган бетон цехинин иши токтотулду

Ошто курулуш талаптарын бузган бетон цехинин иши токтотулду

Ош шаарында курулуш талаптарын бузган бетон арыктарын өндүрүүчү цехтин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө И. Раззаков көчөсү, 21 дарегинде жайгашкан цехтин курулушунда мыйзам талаптары бузулганы аныкталган. Тактап айтканда, курулуш-монтаждоо иштеринде тиешелүү

Жалал-Абадда кайырчылык кылган 50дөй адам кармалып, жашаган аймагына жөнөтүлдү

Жалал-Абадда кайырчылык кылган 50дөй адам кармалып, жашаган аймагына жөнөтүлдү

Манас шаарында кайырчылык менен алектенген адамдарды аныктоо жана алдын алуу максатында "Селсаяк тилемчи" аталышындагы рейд өттү. Анын жүрүшүндө 50дөн ашуун адам аныкталып, айрымдарына айып пул салынды. Манас шаарынын мэриясынан билдиришкендей, шаар көчөлөрү, базарлар, жер алдындагы жана жер үстүндөгү өтмөктөр, ошондой эле лөлү коомчулугунун өкүлдөрү жашаган үйлөр текшерилди. Жыйынтыгында

ӨКМ: Көл-Төр көлүндөгү коркунучтун алдын алууга 41 куткаруучу тартылды

ӨКМ: Көл-Төр көлүндөгү коркунучтун алдын алууга 41 куткаруучу тартылды

Чүй облусунун Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүнүн жырылып кетүү коркунучун алдын алуу боюнча ыкчам иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Көлдөгү кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана коопсуздукту камсыздоо иштерине ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Кыргызгидрометтин директору, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери

Москвада миграциялык каттоонун жаңы талабы: "Амина" тиркемеси кимдерге милдеттүү болот?

Москвада миграциялык каттоонун жаңы талабы: "Амина" тиркемеси кимдерге милдеттүү болот?

2026-жылдын 1-сентябрынан тарта Москва шаарында жана Москва облусунда чет өлкөлүк жарандардын айрым категориялары миграциялык каттоодон өтүүдө "Амина" мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө колдонушат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Жаңы талапка ылайык, 18 жаштан жогорку чет өлкөлүк жарандардын айрым категориялары "Амина" тиркемесин