Парламенттик шайлоого кечээ чет өлкөлөрдөн 25 458 кыргызстандык катышты

Парламенттик шайлоого кечээ чет өлкөлөрдөн 25 458 кыргызстандык катышты

Бишкек убактысы боюнча 2025-жылдын 1-декабрында түн жарымда Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия, Катар, Египет жана Кувейт мамлекеттеринде жайгашкан Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү 80 шайлоо участогунда добуш берүү аяктаганын "Кабар" маалымат агенттиги жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, ошол эле учурда өлкө аймагынан тышкары жайгашкан дагы 20 тилкеде шайлоо уланып жатат. Бул участоктор - АКШ, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария жана Франция.

"30-ноябрь саат 00:00гө карата добуш берүүгө катышкан Кыргызстандын жарандарынын саны 25 458 адам болгон.

Акыркы болуп добуш берүү процесси АКШнын Сан-Франциско шаарында жайгашкан шайлоо участогунда 1-декабрда, Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулган акчанын таза агымы 220,3 млн $ түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын декабрь айындагы 267,6 млн $ салыштырмалуу төмөндөгөн. Маалыматка караганда, акча которуулардын негизги бөлүгү Россиядан которулуп келген. Январь айында бул өлкөдөн 200,8 млн $ которулуп, жалпы агымдын

Быйыл дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди

Быйыл дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди

Айыл чарба тармагын колдоо максатында 2026-жылы дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана заманбап техника берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылдан бери Министрлер Кабинетинин колдоосу менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу 7 лизинг

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Уучурда штаттык режимде иштеп, электр энергиясын туруктуу өндүрүп жатат. Аталган станция 2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда пайдаланууга берилген. Аталган ГЭС ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Кырчын капчыгайында жайгашкан "Кырчын" турбазасы мыйзам бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга берилгени аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мүлктүк комплекс 1997-жылы мыйзам талаптарын одоно бузуу менен менчикке өткөрүлгөн. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн "Кырчын"