Инновациялык "Манас" агрокластеринин мастер-планы тааныштырылды

Инновациялык "Манас" агрокластеринин мастер-планы тааныштырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде "Манас" аталышындагы инновациялык агроөнөр жай кластерин өнүктүрүүгө арналган алдын ала мастер-планды тааныштыруу боюнча маанилүү презентация болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

350 гектар аянтты камтыган бул ири комплекс "Корея – Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" деп аталган стратегиялык долбоордун негизги компоненттеринин бири болуп саналат. Мастер-планды Кореянын Айылдык коомчулуктар корпорациясынын (KRCC) адистери иштеп чыгып, ал Президенттин Жарлыгына ылайык Кластердин башкаруучу компаниясы болуп бекитилген "Кыргыз Агрохолдинг" ААКсына расмий түрдө тапшырылды.

"Кыргыз Агрохолдинг" ААК мындан ары долбоордун практикалык ишке ашырылышын камсыз кылат. Анын милдеттерине инвестицияларды тартуу, курулуш иштерин координациялоо, жана мастер-планга ылайык корей технологияларынын акыркы жетишкендиктерин киргизүү кирет.

Жаңы кластер жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча региондогу ири агрохабдардын бири болушу күтүлүүдө. Долбоор Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарып, өлкөнүн агрардык секторуна олуттуу салым кошору белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулган акчанын таза агымы 220,3 млн $ түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын декабрь айындагы 267,6 млн $ салыштырмалуу төмөндөгөн. Маалыматка караганда, акча которуулардын негизги бөлүгү Россиядан которулуп келген. Январь айында бул өлкөдөн 200,8 млн $ которулуп, жалпы агымдын

Быйыл дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди

Быйыл дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди

Айыл чарба тармагын колдоо максатында 2026-жылы дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана заманбап техника берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылдан бери Министрлер Кабинетинин колдоосу менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу 7 лизинг

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү

Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Уучурда штаттык режимде иштеп, электр энергиясын туруктуу өндүрүп жатат. Аталган станция 2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда пайдаланууга берилген. Аталган ГЭС ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Кырчын капчыгайында жайгашкан "Кырчын" турбазасы мыйзам бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга берилгени аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мүлктүк комплекс 1997-жылы мыйзам талаптарын одоно бузуу менен менчикке өткөрүлгөн. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн "Кырчын"