Баткенде 2030-жылга чейин 37 ири агроөнөр жай объектиси ачылат

Баткенде 2030-жылга чейин 37 ири агроөнөр жай объектиси ачылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин өлкөдө айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү деңгээлин 25%га жеткирүүнү көздөп, республика боюнча 385 ишкана ачууну пландаштырууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, Баткен облусунда жүргүзүлгөн талдоонун негизинде 8 соода-логистикалык борбор жана 29 кайра иштетүү ишканасын куруу мерчемделген. Бул ишканалар аймакта өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сактоого, жоготууларды азайтууга жана кайра иштетүүнү күчөтүүгө багытталат. Алар жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, жүзүм, эт, сүт, жүн жана күрүч өндүрүшүнө тиешелүү.

Лейлек районунда 2 соода-логистикалык борбор жана 6 ишкана, Баткен районунда 2 борбор жана 8 ишкана, Кадамжай районунда 4 борбор жана 15 кайра иштетүү ишканасы ачылышы күтүлүүдө. Долбоорлор аймактарды толук камтып, жаңы жумуш орундарын түзүп, агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары белгиленүүдө.

Министрлик жана жергиликтүү бийлик бул иштерди биргеликте аткарып, аймактын агроөнөр жай потенциалын көтөрүүнү көздөйт. Ошондой эле министрлик ишкерлерди жана инвесторлорду кызматташтыкка чакырат.

Кошумча маалымат: 0708 320 820, 0990 559 083.

Мындан тышкары окуңуз

"Буффет" ашканасына 23 миң сом айып пул салынды

"Буффет" ашканасына 23 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарында жапырт уулануу катталганын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык‑эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, 13 адам медициналык жардамга кайрылган, алардын 11и ооруканага жаткырылган, ал эми экөө амбулатордук дарыланууда. "Алдын ала аныкталгандай, жабыркагандар “Буффет” ашканасында даярдалган тамактарды жешкен", — деп айтылат билдирүүдө. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери

Камбар-Ата-1 ГЭСинин инфраструктуралык иштеринин 50%ы бүттү

Камбар-Ата-1 ГЭСинин инфраструктуралык иштеринин 50%ы бүттү

"Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Бишкек – Ош унаа жолун станциянын курулушу менен байланыштырган жолдун болжол менен 90%ы, 126 метр узундуктагы транспорттук туннелди казуу толук аяктады. Бул курулуш техникаларын жеткирүүнү камсыздайт. Ошондой эле учурда курулуш аянтчасын электр энергиясы

Мамлекеттик сыйлыктар 47ден 20га чейин кыскарат

Мамлекеттик сыйлыктар 47ден 20га чейин кыскарат

Мамлекеттик сыйлыктар формалдуулук үчүн эмес, чыныгы эмгеги сиңген инсандарга берилип, алардын кадыр-баркы жогору болушу шарт экенин президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште билдирди. Жыйында депутат Камила Талиева "Эл мугалими" наамын кайтаруу жана "Эл акыны" наамын сактап калуу сунушун киргизип, мугалимдер менен дарыгерлер үчүн сыйлыкты мамлекет башчысынын колунан

Кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулуп, сааттык төлөм киргизилет,— мэрия

Кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулуп, сааттык төлөм киргизилет,— мэрия

Бишкекте унааларды токтотуу үчүн сааттык төлөм киргизүү жарандардын коомдук транспортко өтүүсүнө түрткү берерин мэриянын унаа токтотуучу жайларды уюштуруу бөлүмүнүн адиси Кубанычбек Иманалиев Биринчи радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда унаа токтотуучу жай үчүн төлөм өтө арзан болгондуктан (күнүнө 25 сом), айрым айдоочулар унааларын бир жумага же бир айга чейин