"Буффет" ашканасына 23 миң сом айып пул салынды

"Буффет" ашканасына 23 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарында жапырт уулануу катталганын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык‑эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 13 адам медициналык жардамга кайрылган, алардын 11и ооруканага жаткырылган, ал эми экөө амбулатордук дарыланууда.

"Алдын ала аныкталгандай, жабыркагандар “Буффет” ашканасында даярдалган тамактарды жешкен", — деп айтылат билдирүүдө.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери аталган жайга пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, лабораториялык изилдөө үчүн тамак-аштын үлгүлөрүн алышкан.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошондой эле 2026-жылдын 11-мартынан тартып ашкананын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө көрсөтмө берилген. Эпидемиологиялык иликтөө уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөн районунда ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө баңгизат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Хундай Соната" үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1997-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран дарыгерлердин кароосунан өткөрүлүп, баңгизат колдонгону аныкталган. Айдоочуга

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

“Бишкекгаз” кызматынан билдиришкендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 26-27-августта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Газ Бишкек шаарындагы Ильменск, Каракөл тар, Якутск көчөсү, Каракум көчөсүндө жана Ден Сяопин проспектисинде өчүрүлөт. “Бишкекгаз” кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жаран тиешелүү кенемтесин алды

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жаран тиешелүү кенемтесин алды

Башкы прокуратура жарандын кайрылуусунун негизинде эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, финансылык мекемелердин биринде болгон өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы тиешелүү чараларды өз убагында көргөн эмес. Жаран аталган кызматка бир нече жолу кайрылганына карабастан, жубайынын каза

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлек районунда 24–27-августтагы өткөн рейддик иш-чарасында курал сактоо эрежесин бузган 1 жаран жоопкерчиликке тартылып, дагы 1 тургун мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралын милицияга өз ыктыяры менен тапшырды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери район аймагында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жол бербөө жана