Кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулуп, сааттык төлөм киргизилет – мэрия

Кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулуп, сааттык төлөм киргизилет – мэрия

Бишкекте унааларды токтотуу үчүн сааттык төлөм киргизүү жарандардын коомдук транспортко өтүүсүнө түрткү берерин мэриянын унаа токтотуучу жайларды уюштуруу бөлүмүнүн адиси Кубанычбек Иманалиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда унаа токтотуучу жай үчүн төлөм өтө арзан болгондуктан (күнүнө 25 сом), айрым айдоочулар унааларын бир жумага же бир айга чейин ошол жерде калтырып кетишет.

"Эгер Бишкек шаардык кеңеши сааттык төлөмдү жактырса, анда бул пайдалуу болбой калат. Алгачкы эки саат үчүн 30–50 сом, андан кийинки ар бир саат үчүн 20 сомдон төлөөгө туура келет. Айрымдар акырындап коомдук транспортко, ал эми жайкысын велосипед же самокатка өтүшөт. Альтернативалар көп. Бул жолдордогу тыгындарды кыйла азайтат", — деди Кубанычбек Иманалиев.

Ал Бишкектеги унаа токтотуу маселесин чечүү үчүн негизги чараларды да атады:

  • муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү;
  • көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу;
  • ротордук унаа токтотуучу жайларды орнотуу;
  • жолдорду кеңейтүү жана жаңы унаа токтотуучу "чөнтөкчөлөрдү" уюштуруу;
  • сааттык төлөм системасын киргизүү.

Анын айтымында, шаардын төрт районунун ар биринде 2–3төн көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Ар бири 200–300 унаага, айрым жерлерде 500 унаага чейин ылайыкталат.

"Жетекчилик тарабынан жер тилкелерин аныктап, процессти баштоо боюнча тапшырма берилди. Кээ бир унаа токтотуучу жогору карай, айрымдары жер астына курулат — бул жердин жайгашкан жери менен аянтына жараша болот", — деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media