Бишкек ЖЭБинде көмүр запасы 243 миң тоннаны түздү

Бишкек ЖЭБинде көмүр запасы 243 миң тоннаны түздү

Жылуулук электр борборлору үчүн көмүр жетиштүү, жеткирүү графиги сакталууда, - деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда ишкананын кампаларында 243 650 тонна көмүр бар. Бул көлөм жылуулук электр борборлорунун үзгүлтүксүз иштеши үчүн жетиштүү.

2025-2026-жылдардын күз-кыш жылытуу мезгили үчүн жалпы 1 400 000 тонна көмүр талап кылынат.

Белгилей кетсек, көмүр жеткирүү жылуулук электр борборлоруна белгиленген график боюнча жүргүзүлүүдө жана жылытуу мезгилинин аягына чейин улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын шаарында коомдук транспорт санариптештирилүүдө

Нарын шаарында коомдук транспорт санариптештирилүүдө

Нарын шаарында коомдук транспортту санариптештирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкектеги ийгиликтүү тажрыйбанын негизинде Нарын облусунда автобустарга GPS-трекерлер орнотулуп, “Менин шаарым” тиркемеси ишке киргизилет. Жаңы система аркылуу шаар тургундары коомдук транспорттун кыймылын онлайн режимде көзөмөлдөп, автобустардын кайсы жерде экенин, маршруттардын жүрүшүн жана келүү убактысын так

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда 200 гектарга жакын айдоо жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Улахол, Ак-Терек, Б.Мамбетов жана мурдагы Тоң (азыркы Күн-Чыгыш) айыл өкмөттөрү тарабынан жалпы 196,83 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2007-2008-жылдар аралыгында мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип

Президент курулуш компанияларынын ишинде тартипти камсыздоону тапшырды

Президент курулуш компанияларынын ишинде тартипти камсыздоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-январда өлкөнүн ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда куруучулардын жарандар алдындагы милдеттенмелерин аткаруусу, ошондой эле курулуш тармагындагы ченемдик-укуктук базадагы карама-каршылыктар жана аны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы

Кыргызстанда  аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында үй жумуштарына аялдар көп убакут бөлөрү келтирилген. Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же