9-декабрь – коррупция менен күрѳшүүнүн эл аралык күнү

9-декабрь – коррупция менен күрѳшүүнүн эл аралык күнү

Жыл сайын 9-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнү белгиленет. 2003-жылдын 31-октябрында БУУнун Башкы Ассамблеясы Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясын кабыл алган.

Бүгүнкү күндө 190 өлкө коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жоопкерчиликтүү башкаруунун, отчеттуулуктун жана эл аралык милдеттенмелерди так сактоонун маанилүүлүгүн ырастоо менен Конвенцияны ратификациялаган.

Бүгүн бул маанилүү датага байланыштуу ИИМдин расмий баракчасы аркылуу КРнын Ички иштер министри Улан Ниязбековдун билдирүүсү жарыяланды.

Анда ал: Коррупция- бул мамлекетке чыккынчылык кылуу. Мыйзамды бузган ар бир кызматкер, анын кызмат ордуна, наамына же байланыштарына карабастан, жоопкерчиликке тартылат – деп белгилеген.

Ошондой эле билдирүүдө, коррупциялык көрүнүштөр - демократиялык институттардын негиздерин бузуп, мыйзамдын үстөмдүк принцибин талкалап, бюрократиялык тоскоолдуктарды түзөөрү маалымдалган.

0:00
/1:22

Мындан тышкары окуңуз

CASA-1000 долбоору кайсы баскычта экени тууралуу координатор айтып берди

CASA-1000 долбоору кайсы баскычта экени тууралуу координатор айтып берди

Тажикстан менен Кыргызстан CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга даяр экенин "Биринчи радио" эфиринде долбоорду ишке ашыруу тобунун координатору Азим Молдокеримов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан аймагынан 456 чакырым электр берүү линиясы (ЛЭП) өтөт. Ал Датка подстанциясынан (Жалал-Абад облусу) башталып, Ош облусу жана Баткен облусу аркылуу өтөт. Ал эми Тажикстан аймагында

Улуттук банк: эски эмес чет өлкө валюталарын 1-октябрга чейин сыртка алып чыгуу керек

Улуттук банк: эски эмес чет өлкө валюталарын 1-октябрга чейин сыртка алып чыгуу керек

Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 11-мартындагы "КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы "КРнын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому кабыл алынды.  Ага ылайык, "2026-жылдын 1-апрелине" деген сөздөр жана сандар "

Орто-Сайдагы көрүстөнгө жакын курулуш боюнча түшүндүрмө берилди

Орто-Сайдагы көрүстөнгө жакын курулуш боюнча түшүндүрмө берилди

Бишкек шаарындагы Орто-Сай айылында көрүстөнгө жакын курулуп жаткан 4 кабаттуу үй боюнча социалдык тармактарда тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, курулушка уруксат тиешелүү мамлекеттик органдардын расмий документтеринин негизинде берилген. Тактап айтканда, Таш-Төбө айыл өкмөтү 2018-жылы

Нарын облусундагы 13,2 гектар жер чек ара аскер базасын куруу үчүн берилди

Нарын облусундагы 13,2 гектар жер чек ара аскер базасын куруу үчүн берилди

Министрлер кабинети 11-марттагы токтому менен Чек ара кызматы үчүн жаңы аскер базасын куруу максатында Нарын облусундагы 13,2 гектар айыл чарба жерин коргонуу багытындагы жер категориясына өткөрдү. Сөз Нарын районундагы Дөбөлү айыл аймагында жайгашкан жер тилкеси тууралуу болуп жатат. Бул жер мурда сугат айдоо жери статусуна ээ болуп, мамлекеттик менчикте