Улуттук банк: эски эмес чет өлкө валюталарын 1-октябрга чейин сыртка алып чыгуу керек

Улуттук банк: эски эмес чет өлкө валюталарын 1-октябрга чейин сыртка алып чыгуу керек

Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 11-мартындагы "КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы "КРнын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому кабыл алынды. 

Ага ылайык, "2026-жылдын 1-апрелине" деген сөздөр жана сандар "2026-жылдын 1-октябрына" деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылды. Эми коммерциялык банктарга 2026-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек накталай чет өлкө валюталарын сыртка алып чыгууга уруксат.   

Улуттук банктын басма сөз кызматынан маалымдагандай, бүгүнкү күндө валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Өлкөнүн банк системасында калктын суроо-талабын канааттандыруу үчүн накталай АКШ доллары жетиштүү.

“Кассадагы чет өлкө валютасындагы накталай акча калдыктарын тескөө жана эсептешүүлөрдү накталай эмес түрдө үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу максатында, коммерциялык банктар эскилиги жете элек накталай АКШ долларларынын топтолушуна жараша, эскилиги жете элек накталай чет өлкө валютасын, анын ичинде АКШ долларын да өлкөдөн тышкары алып чыгуусу зарыл”- деп, Улуттук банктан түшүндүрүштү.

Маалыматка караганда, бул операциялар аларды тиешелүү накталай эмес чет элдик валютага алмаштыруу үчүн жүргүзүлөт. Буга байланыштуу, эскилиги жете элек накталай АКШ долларын 2026-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын актыларын бузган. Убактылуу лицензиясы токтотулган бюролор: 10-октябрдан 24-октябрга чейин: • "БТК Групп" ЖЧК - Бишкек, Шопоков 91, L-54 кеңсе. Лицензия №7127 (30.09.2025) • "Ийгилик Али&

Ишкер Media
Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер азыр келечеги үчүн расмий жана эч кандай көйгөйсүз кам көрө алышат. Алар үчүн өлкөдөн сырткары жүрүп деле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөөнүн ыңгайлуу санариптик механизмдери ишке киргизилген. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мигранттар үчүн жаңы өзгөрүүлөр кийинки шарттарда ишке ашырылат:  • Аралыктан каттоо: “ТҮНДҮК” мобилдик

Ишкер Media
Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Октябрдын башында Нарын жана Ош шаарларында "Жашыл экономиканы баалоо жана пландоо үчүн системалык динамика" темасында окутуу тренингдери өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, тренингдер 1-3-октябрда Нарындагы Борбордук Азия университетинде жана 8-10-октябрда Оштогу Адышев атындагы технологиялык университетте уюштурулду. Экономика жана коммерция министрлигинин өтүнүчү менен

Ишкер Media
Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media