Жогорку сот биринчи жолу ачык соттук отурумду трансляциялоону баштады

Жогорку сот биринчи жолу ачык соттук отурумду трансляциялоону баштады

КРнын Жогорку соту тарабынан реалдуу соттук отурумдарды ачык видео трансляциялоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө. Бул ар бир жаранга сот адилеттигинин кандайча иштеп жаткандыгын жеке өзү байкоо мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн маанилүү кадам. Мындай билдирүүнү Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, 2025-жылдын ноябрь, декабрь айларында ар түрдүү категориядагы иштер боюнча сот отурумдарын  видеого тартуу башталды.

Долбоордун башкы максаты — сот адилеттигин  калк үчүн мүмкүн болушунча ачык жана түшүнүктүү кылуу болуп саналат.  Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 290-беренесин практикалык жүзөгө ашыруу,  процесс катышуучуларынын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен сот отурумдарын реалдуу убакыт режиминде онлайн-трансляциялоого шарт түзөт. Мындай түз эфир теле-радио аркылуу жана интернетте жүргүзүлүшү мүмкүн.

Бардык сот отурумдарынын видеожазуулары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун YouTube-каналына — «Жогорку сот Верховный суд» www.youtube.com/@JOGORKU_SOT)  жеткиликтүү түрдө жайгаштырылат.  

Маалыматка таянсак,  видеоматериалдар пилоттук режимде даярдалган жана агартуу максатын  гана  көздөйт.  Үчүнчү жактар тарабынан коммерциялык максатта пайдаланууга, ошондой эле автордук укук ээсинин уруксатысыз көчүрүүгө жана таратууга жол берилбейт.

Сот отурумдарын тартуу мыйзам талаптары жана сот адилеттигинин кызыкчылыктары сакталып, процесс катышуучуларынын өтүнүчү же соттун өз демилгеси боюнча уруксат берилгенден кийин жүзөгө ашырылат.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб 2026-жылы эл аралык уюмдарга мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөргө 3,1 млрд сом жумшайт

МинКаб 2026-жылы эл аралык уюмдарга мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөргө 3,1 млрд сом жумшайт

Министрлер кабинети 2026-жылы Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге төлөнө турган мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөрдүн тизмесин бекитти. Тиешелүү тескемеге 2026-жылдын 27-февралында кол коюлган. Документке ылайык, бул максаттар үчүн 2026-жылкы республикалык бюджетте 3 млрд 107,1 млн сом каралган. Эң чоң сумма Түрк инвестициялык фонду үчүн каралган — 1

Бишкекте чарба кызматкерлеринин айлык акысы 50%га көтөрүлөбү?

Бишкекте чарба кызматкерлеринин айлык акысы 50%га көтөрүлөбү?

Бишкекте борбор калаадагы Жаштык арена аренасында биринчи жолу турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин (ТЖКЧК) күнүнө арналган масштабдуу иш-чарада Бишкек мэри ТЖКЧК кызматкерлеринин айлык акысы жогоруларын билдирди. Салтанатка шаардык чарба департаментинин кызматкерлери, ошондой эле "Тазалык", "Бишкексвет", "Бишкекшаардыклифт", "Бишкекжашылдандыруу", "Бишкексууканал", "Бишкек ритуалдык

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери бензиндин орточо баасы 23,5%га өсткөнүн The New York Times басылмасы билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, ишемби күнү өлкө боюнча күйүүчү майдын орточо баасы галлону үчүн 3,68 долларга жетти. Баанын өсүшү дүйнөлүк рынокто мунайдын кескин кымбатташы менен байланыштуу. Акыркы эки жуманын ичинде дүйнөлүк

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

АКШ президентинин администрациясы Дональд Трамп TikTok тиркемесинин америкалык бөлүмүн инвесторлор тобуна өткөрүп берүү боюнча келишимде ортомчулук кылганы үчүн 10 млрд долларга чейин сый акы алышы мүмкүн экенин The Wall Street Journal басылмасы жазды. Басылманын маалыматына ылайык, TikTokтун америкалык бизнесине инвестиция салган тараптар популярдуу тиркеме АКШ рыногунда ишин улантышы үчүн АКШ