МинКаб 2026-жылы эл аралык уюмдарга мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөргө 3,1 млрд сом жумшайт

МинКаб 2026-жылы эл аралык уюмдарга мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөргө 3,1 млрд сом жумшайт

Министрлер кабинети 2026-жылы Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге төлөнө турган мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөрдүн тизмесин бекитти. Тиешелүү тескемеге 2026-жылдын 27-февралында кол коюлган.

Документке ылайык, бул максаттар үчүн 2026-жылкы республикалык бюджетте 3 млрд 107,1 млн сом каралган. Эң чоң сумма Түрк инвестициялык фонду үчүн каралган — 1 млрд 964,7 млн сом.

Мындан тышкары, ири төгүмдөр төмөнкү уюмдарга пландалган:

  • Евразиялык экономикалык союз — 359,2 млн сом
  • Эл аралык каржы корпорациясы — 328,8 млн сом

Ошондой эле төмөнкү уюмдарга да төгүмдөр каралган:

  • Жамааттык коопсуздук келишими уюму — 77,9 млн сом
  • Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги органдарынын бирдиктүү бюджети — 39 млн сом
  • "Борбор Азия — Кытай" форматынын катчылыгы — 38,3 млн сом
  • БУУнун Контртеррордук башкармалыгы — 36,5 млн сом
  • Ислам өнүктүрүү банкы — 36,3 млн сом
  • КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясы — 35,7 млн сом

Мындан тышкары, 26 млн сом Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги органдарынын алдында Кыргызстандын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жана өлкөнүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы өкүлүн каржылоого каралган.

Финансы министрлигине белгиленген тартипте 2026-жылкы республикалык бюджеттин каражаттарынан мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөрдү төлөө тапшырылды.

Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Президентинин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media