Кыргызстанда туристтик жайгаштыруунун алгачкы эксперттери даярдалды

Кыргызстанда туристтик жайгаштыруунун алгачкы эксперттери даярдалды

Бишкекте туристтик тармак үчүн Жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо мамлекеттик системасы (ЖКМС) боюнча алгачкы эксперттерди даярдоо программасы аяктады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Окутуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулду.

Программага тандалып алынган 17 катышуучу мейманканаларды, конок үйлөрдү жана боз үйлөрдү классификациялоонун принциптери менен таанышып, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Акыркы этапта экзамен өтүп, ийгиликтүү чыккандар стажировкага жана сертификацияга жолдомо алышат.

Туризм департаментинин маалыматы боюнча ЖКМС рынокту башкарууга ыңгайлуу кылып, туристтерге кызмат сапаты тууралуу ишенимдүү маалымат берет. Система объекттерди стандарттарга ылайык баалап, тармактын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстантын алтын-валюта резеврдери 61, 2 млрд долларга жетти

Өзбекстантын алтын-валюта резеврдери 61, 2 млрд долларга жетти

Өзбекстандын Борбордук банкы ноябрь айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн алтын-валюта резервдери 61,2 млрд долларга жетип, бир ай ичинде 1,9 млрд долларга өскөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы айларда резервдер туруктуу жогорулап, августта 1,34 млрд долларга, сентябрда 4,9 млрд долларга, октябрда 4,3 млрд долларга көбөйгөн. Жыл башынан бери

Кыргызстан мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүүгө даяр

Кыргызстан мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүүгө даяр

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-декабрда Түркмөнстандын туруктуу нейтралитетинин 30 жылдыгына арналган "Тынчтык жана ишеним: Туруктуу келечек үчүн бирдиктүү максат" аттуу эл аралык форумда сөз сүйлөгөнүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Энергетика жана биргелешкен долбоорлор Президенттин айтымында, Түркмөнстан ишке ашырып жаткан газ жана энергетикалык долбоорлор аймактагы энергия менен

Б.Төрөбаев: Өлкөдө 668 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө

Б.Төрөбаев: Өлкөдө 668 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районундагы Пахтачылык станциясынын имаратынын ачылышында өлкөнүн реалдуу секторундагы иштер боюнча маалымат берди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Министрдин айтымында, 2025-жылы өлкө боюнча 1 478 км жол курулуп жана капиталдык оңдолду, бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки

Кыргызстан–Түркия соода жүгүртүүсү 9 айда 1,2 млрд долларды түздү

Кыргызстан–Түркия соода жүгүртүүсү 9 айда 1,2 млрд долларды түздү

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара Соода палатасынын (ATO) төрагасы Гүрсел Баран менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы туруктуу өсүп жатканын баса белгилешти. TÜİK расмий маалыматтары боюнча, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүсү 1,2 млрд долларга жеткен. Жолугушууда элчи Казакбаев