Араван–Ак-Буура каналы реконструкцияланып жатат

Араван–Ак-Буура каналы реконструкцияланып жатат

Бүгүнкү күндө Араван–Ак-Буура ирригациялык системасынын суу жеткирүү инфраструктурасы этап-этабы менен жаңыланууда. Реконструкциянын алкагында суу алуучу курулмалар, магистралдык каналдар жана бөлүштүрүүчү тармактар оңдолуп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Араван–Ак-Буура каналынын жалпы узундугу 31,3 чакырымды түзүп, 21 918 гектар сугат аянтты суу менен камсыздайт. Анын ичинен 6 220 гектары жаңы өздөштүрүлүп жаткан сугат жерлер болуп саналат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында каналдын реконструкция иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө реконструкциялоо иштери оң бааланып, сугат инфраструктурасын жакшыртуу аймактын суу менен камсыз болушун арттырып, айыл чарбаны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Мындан тышкары, жетекчилик Папан суу сактагычына барып, учурдагы абалын, коопсуздук чараларын жана алдыда аткарыла турган иштерди карап чыгып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл