Россиядан Кыргызстанга 1 147 тоннага жакын гуманитардык жардам келди

Россиядан Кыргызстанга 1 147 тоннага жакын гуманитардык жардам келди

Кыргызстанга Россия Федерациясынан 1 147 тоннага жакын гуманитардык азык-түлүк жардам жеткирилди. Ал БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП ООН) аркылуу акысыз негизде берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы ВПП ООН долбоорлоруна катышкан болжол менен 4 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө таратылат. Алар ирригациялык жана ичүүчү суу тутумдарын калыбына келтирүү, дарак отургузуу, дарыя жээктерин бекемдөө иштерине катышышат, ошондой эле окутуу программаларынан өтүшөт.

Максаттуу үй-бүлөлөргө 300 кг ун жана 30 литр май, ал эми окутууга катышкандарга 150 кг ун жана 15 литр май берилет.

Долбоорлор калктын климаттык коркунучтарга туруктуулугун жогорулатууга жана эмгек мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Иш-чарага тиешелүү мамлекеттик өкүлдөр, Россия Федерациясынын элчилиги жана ВПП ООНдун жетекчилиги катышты. Россия Федерациясы Кыргызстандагы ВПП ООНдун эң ири донорлорунун бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл