Акыркы 4 жылда пенсияга 60 млрд сом жумшалды – орточо пенсия канча болду?
Акыркы 4 жыл ичинде пенсияны жогорулатууга 60 млрд сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн "Пенсиялык системанын өнүгүшү: учурдагы абалы жана келечеги" аталышындагы эксперттик жолугушууда Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы пенсия төлөөгө 110,9 млрд сом каралган, ал эми орточо пенсия 11 300 сомго чейин көбөйгөн.
Кыргызстандын пенсия системасынын келечегин талкуулоого арналган жолугушууга мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун, ишкерлердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.