Чоң-Алайдын "Наркул" чарбасында 320 баш асыл тукум топоз багылууда

Чоң-Алайдын "Наркул" чарбасында 320 баш асыл тукум топоз багылууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан "30+20+10" долбоору аймактарда мал чарбачылыгын өнүктүрүүдөгү натыйжалуу механизм катары өз жемишин берүүдө.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Жар-Башы айылында жайгашкан "Наркул" асыл тукум топоз чарбасы этап-этабы менен кеңейип, туруктуу иш алып барууда.

Учурда чарбада жалпы 320 баш асыл тукум топоз багылып, өндүрүштүк база толук кандуу камсыздалган. Тактап айтканда, мал кармоочу сарайлар, бастырмалар жана дан сактоочу жайлар талапка ылайык жабдылган.

Мындан тышкары, чарба "30+20+10" долбоорунун алкагында мал чарбачылыгын кеңейтүү жана өндүрүш көлөмүн жогорулатуу багытында активдүү иштерди жүргүзүүдө. Бул багыттагы иш-чаралар райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана ветеринардык кызмат менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.

Чарбанын жетекчиси Патаевдин айтымында, адистердин үзгүлтүксүз консультациялары жана колдоосу чарбанын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.

"Буюрса, башталган жаңы долбоорлор жакшы жыйынтыктарды берет деп ишенебиз", — деди фермер.

Мындан тышкары окуңуз

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Бороондуу жайлоосунда кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. ӨКМ маалыматына ылайык, кече издөөгө жалпы 55 адам тартылып, издөө иштеринин биринчи күнү 10 койдун, ал эми экинчи күнү 20 баш койдун тарпы табылган. Белгилей кетсек, 12-февралда Суусамырдагы

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Баймурза Маатов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, Малик Бектурганов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык КРнын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Маатов Баймурза Турдахунович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Малик Бектурганов Башкы

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырышкан белгисиз үч жаран Ош шаарындагы укалоо салондордун бирине келип, салон ээсине кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөстөн, тинтүү иштерин жүргүзүшүп, салон ээсине орой мамиле жасашкан. ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүүлөр салон ээсинен 32 000 сом накталай акча алышып, кошумча акча талап кылышкан. Кийинчерээк, шектүүлөрдүн бири өзүн “Марсель”

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

15-февралдан баштап Бишкек шаарындагы Калинин көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү көпүрөдө реконструкция жүргүзүлөт. Иштер жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө жана унаа агымынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштерине байланыштуу көпүрө автотранспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат. Патрулдук милиция айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга, айланып