Ленин районундагы жер мунапыс иштеринде 630 арыз каралды

Ленин районундагы жер мунапыс иштеринде 630 арыз каралды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, борбор калаада жер мунапысын ишке ашыруу боюнча  иштер үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте жер мунапысына туш болгон обүекттерди  комиссиянын отурумунда кароону улантууда.

Ленин райондук комиссиясы тарабынан 215 арыз жактырылды. Ленин райондук комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча 365 материал боюнча схемаларды иштеп чыгуу жана шаар куруу корутундусун даярдоо үчүн аларды Бишкек шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгына жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Комиссия жалпысынан 630 материалды карап чыкты. Бул багыттагы иштер уланууда, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Бороондуу жайлоосунда кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. ӨКМ маалыматына ылайык, кече издөөгө жалпы 55 адам тартылып, издөө иштеринин биринчи күнү 10 койдун, ал эми экинчи күнү 20 баш койдун тарпы табылган. Белгилей кетсек, 12-февралда Суусамырдагы

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Баймурза Маатов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, Малик Бектурганов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык КРнын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Маатов Баймурза Турдахунович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Малик Бектурганов Башкы

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырышкан белгисиз үч жаран Ош шаарындагы укалоо салондордун бирине келип, салон ээсине кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөстөн, тинтүү иштерин жүргүзүшүп, салон ээсине орой мамиле жасашкан. ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүүлөр салон ээсинен 32 000 сом накталай акча алышып, кошумча акча талап кылышкан. Кийинчерээк, шектүүлөрдүн бири өзүн “Марсель”

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

15-февралдан баштап Бишкек шаарындагы Калинин көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү көпүрөдө реконструкция жүргүзүлөт. Иштер жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө жана унаа агымынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштерине байланыштуу көпүрө автотранспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат. Патрулдук милиция айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга, айланып