Борбордогу жаңы жылдык балатыга 2 млн сом каражат бөлүнгөн
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо борбордук аянтындагы жаңы жылдык балатыны орнотууга болжол менен 1,5–2 миллион сом каражат бөлүнгөнүн 15-декабрда шаардын башчысы Айбек Жунушалиев борбор калаанын негизги жаңы жылдык символун салтанаттуу түрдө жагуу аземинен кийин билдирди.
Анын айтымында, аянтты жасалгалоо учурунда бүт периметри боюнча энергияны үнөмдөөчү жарык берүүчү жабдуулар колдонулган. Мэр электр энергиясынын жалпы сарпталышы 50 мегаватттан ашпасын белгиледи.
Ошондой эле Жунушалиев жаңы жылдык жасалгаларды даярдоодо шаар тургундары үчүн майрамдык маанай түзүү менен катар эле электр энергиясын үнөмдөө маселеси да эске алынганын кошумчалады.
Анын сөзү боюнча, бул борбор калаанын тургундары жана коноктору эс алып, жаңы жылдык маанайды сезиши үчүн жана ошол эле учурда энергетикалык ресурстарды рационалдуу пайдалануу максатында жасалган.