Эми “Түндүк” тиркемеси аркылуу транспортту онлайн кайра каттоого мүмкүн
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунда эми “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, эми жарандар “Түндүк” тиркемеси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматын колдоно алышат. Жаңы кызмат мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланган болуп, жарандарга кызматтарды аралыктан, тез жана ыңгайлуу алып, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Туманбаев белгилегендей, бул жаңылануулар адам факторун азайтып, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга шарт түзөт. Ошондой эле бул кадам документтердин коопсуздугун камсыздоого жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Натыйжада транспорт каражаттарын каттоо процесси заманбап, ачык жана ыкчам форматка өтөт.
