Эреже бузгандар өз убагында айып пул төлөсө, кошумча чаралардан кутулат
Эгер укук бузуулар катталса, айып пулду өз убагында төлөө абдан маанилүү. Анткени ал кошумча чаралардан алыс болууга жардам берип, мыйзамды урматтоону тастыктайт.
Мындай билдирүүнү ИИМнин басма сөз кызматы жарыялап, айып пулдарды төлөөнү төмөнкү банктар аркылуу жүргүзүүнү сунуштоодо.

Жарандардын жоопкерчиликтүү жүрүм-туруму - коомдук тартиптин негизи. КРнын Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамдарды сактоого жана укук бузууларга жол бербөөгө, анын ичинде жол кыймылынын эрежелерин, коомдук тартиптин талаптарын жана башка белгиленген ченемдерди бузбоого чакырат -деп айтылган билдирүүдө.
Ички иштер министрлиги эскертет: мыйзамдарды сактоо жана милдеттерди өз убагында аткаруу - коомдун туруктуулугуна жана коопсуздугуна салым кошот.