ИИМдин Күзөт кызматы башкармалыгынын башчысы пара алган деген шек менен кармалды
УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 10-декабрында КР ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын полковниги А.Т.А. кол алдындагы кызматкерлерден системалуу түрдө пара алган деген шек менен кармалды.
УКМК тараткан маалыматка ылайык, А.Т.А. 2024-жылдан тартып Балыкчы шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ушул эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана башка аффилирленген жак аркылуу мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенгени аныкталган.
Акча каражаттарын системалуу түрдө чогултуу милиция кызматкерлеринин жумуш убактысынан тышкары ар кандай объектилерди кайтаруу боюнча эмгек ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөм катары ишке ашырылган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар КР ИИМинин башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.