Майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдик мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө

Майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдик мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө

Күн мурун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңеш Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана инклюзиясын илгерилетүүгө багытталган БУУнун Майыптык маселелери боюнча Глобалдык фондунун (UNGDF) эки жылдык долбоорунун жыйынтыктары менен тааныштырды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Долбоордун алкагында:

  • майыптыгы бар адамдарга байланыштуу улуттук саясат бекемделип,
  • эрте кийлигишүү кызматы жана инклюзивдүү билим берүү өнүктүрүлүп,
  • статистикалык маалыматтар кеңейтилди,
  • тиешелүү мекемелердин потенциалы жогорулатылды,
  • Кыргыз мыйзамдары БУУнун Конвенциясына шайкеш келтирүүгө шарт түзүлгөн.

Жыйын учурунда министрдин орун басары А. Дж. Орозбаева 2025-жылы "Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын жаңыланганын белгиледи. Жаңы мыйзам майыптыгы бар жарандарды коргоо, колдоо жана коомго активдүү катышууга шарттарды түзүүгө багытталган.

Ошондой эле, 2025-жылдын жаңы Эмгек кодекси майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын кеминде 4% квота менен камсыздоону карайт. 2024–2025-жылдарда 552 майыптыгы бар адам жумушка орноштурулуп, 300дөн ашык адам кыска мөөнөттүү кесиптик окутууга жиберилди.

Бул долбоордун жыйынтыктары майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдүү кызматтарды мындан ары өнүктүрүүгө бекем негиз түзөт жана алардын социалдык, экономикалык жана коомдук турмушуна толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү