Мамлекеттик жетекчилердин кызматкерлерден белек алышына жана корпоратив өткөрүүгө чектөө киргизилди

Мамлекеттик жетекчилердин кызматкерлерден белек алышына жана корпоратив өткөрүүгө чектөө киргизилди

Жыл сайын мамлекеттик органдар менен министрликтерде жаңы жылдык корпоративдик иш-чаралар өткөрүлүп, айрым учурларда бул иш-чаралар ашыкча чыгымдар менен коштолгону да байкалып келген. Мындан тышкары, кызматкерлер жетекчилерине белек берип, корзина ташып убара болушчу. Мындай пикирди КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, ушундай көрүнүштөрдү эске алып, быйыл жаңы жылдык корпоративдерге жана мамлекеттик кызмат жетекчилерин өзүнүн кызматкерлеринен, кол алдындагыларынан баалуу белектерди алуусуна чектөө киргизилди.

Жаңы жылдык корпоративдерге коюлган бул чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт.  

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 9 негизги азык‑түлүк боюнча ички камсыздоо деңгээли талданып жатат

Өлкөдө 9 негизги азык‑түлүк боюнча ички камсыздоо деңгээли талданып жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда 9 негизги социалдык маанилүү азык‑түлүк боюнча ички камсыздоо деңгээлин аныктоо максатында кеңири талдоо жүргүзүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Анализ ар бир районду камтып, өлкөнүн азык‑түлүк коопсуздугун камсыздоодо кайсы товарлар боюнча ички өндүрүш жетиштүү,

ИИМдин Күзөт кызматы башкармалыгынын башчысы пара алган деген шек менен кармалды

ИИМдин Күзөт кызматы башкармалыгынын башчысы пара алган деген шек менен кармалды

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 10-декабрында КР ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын полковниги А.Т.А. кол алдындагы кызматкерлерден системалуу түрдө пара алган деген шек менен кармалды. УКМК тараткан маалыматка ылайык, А.Т.А. 2024-жылдан тартып Балыкчы шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ушул эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И.

Майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдик мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө

Майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдик мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө

Күн мурун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңеш Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана инклюзиясын илгерилетүүгө багытталган БУУнун Майыптык маселелери боюнча Глобалдык фондунун (UNGDF) эки жылдык долбоорунун жыйынтыктары менен тааныштырды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен

Тигүүчүлөр үчүн киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү азаябы?

Тигүүчүлөр үчүн киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү азаябы?

Кыргызстанда тигүү тармагында иштеген кызматкерлер үчүн киреше салыгынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалганын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, демилге президенттин тапшырмаларынын алкагында ишке ашырылып, иш менен камсыздоону "ачыкка чыгарууга" жана экспортту колдоого багытталган. Ошондой эле