Сокулук районунда 43 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузуу фактылары аныкталып, тиешелүү прокурордук акт киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жайгашкан, жалпы аянты 12,3 гектар болгон жөнгө салуу бассейни 2005-2006-жылдары мурдагы Крупская атындагы айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында мөөнөтсүз мамлекеттик акт жасалып, баасы 43 млн сомго бааланган жөнгө салуу бассейни толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.