Башкы прокурор Дохада Кыргызстандын коррупцияга каршы чараларын таанытты

Башкы прокурор Дохада Кыргызстандын коррупцияга каршы чараларын таанытты

15-19-декабрда Башкы прокурор Максат Асаналиев Катардын Доха шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясына катышуучу мамлекеттердин конференциясынын XI сессиясына (CoSP-11) катышууда.

Иш-чарага 190дон ашык мамлекеттин өкүлдөрү, 2 000ден ашуун прокурорлор, коррупцияга каршы органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттик жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Конференция БУУнун коррупцияга каршы конвенциясын ишке ашыруу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулоочу глобалдык платформа болуп саналат.

Сессияда Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чараларына, жетишкендиктерине, укуктук жана институционалдык базаны бекемдөөгө, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө токтолду.

Мындан тышкары, CoSP-11 алкагында Башкы прокурор АКШнын эл аралык баңгизаттарга жана укук коргоо маселелерине жооптуу бюросунун өкүлү Мэгги Нарди менен жолугушуп, мындан аркы кызматташтык маселелерин талкуулады.

Кыргызстандын делегациясынын катышуусу өлкөнүн эл аралык антикоррупциялык стандарттарды сактоого берилгенин жана глобалдык коррупцияга каршы күрөшүүгө активдүү катышып жатканын тастыктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Электрондук визалардан жана Бирдиктүү уруксаттан 5 млрд сомдон ашык киреше түштү

Электрондук визалардан жана Бирдиктүү уруксаттан 5 млрд сомдон ашык киреше түштү

2025-жылы электрондук визалардын бардык түрлөрүнөн жана Бирдиктүү уруксаттан түшкөн жалпы киреше 5 млрд 60 млн 167 миң 948 сомду түзгөнүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу чет өлкөлүк жарандарга резидент-карталарды берүү боюнча өткөн брифингде билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында 326 миң 158 электрондук виза таризделген.

ИДПнын өсүшү 110%: Кыргызстан экономикасында туруктуулук сакталууда

ИДПнын өсүшү 110%: Кыргызстан экономикасында туруктуулук сакталууда

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш сакталууда. Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк жеке каржылоонун, ошондой эле бюджеттик каражаттардын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын өсүшү жана калктын кирешесинин жогорулашы менен камсыз кылынууда. Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү

Айыл чарба министри дыйкандарды заманбап сугаруу системаларын колдонууга чакырды

Айыл чарба министри дыйкандарды заманбап сугаруу системаларын колдонууга чакырды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарды суу үнөмдөөчү заманбап системаларды орнотууга чакырды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти. Министрдин айтымында, климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши жана жаан-чачындын азайышы суу ресурстарын үнөмдөөнү талап кылат, айрыкча Ысык-Көлдө абал татаал. Өкмөт суу сактагычтарды куруп, каналдарды реконструкциялап, бетон

Президент мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндө коррупция бар экенин белгиледи

Президент мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндө коррупция бар экенин белгиледи

Президент Садыр Жапаров VIII чакырылыштагы депутаттар ант бергенден кийин Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде коррупциялык тобокелдиктер сакталып жатканын билдирди. Президент министрлер кабинетинин деңгээлинде коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жетишилгенин, бирок төмөнкү баскычтарда — акимиаттарда, мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндө — бул көйгөй дале бар экенин белгиледи. Мисал катары ал Токмок жана