Бишкек 2050-жылга чейин кандай өзгөрөт?
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмеде Адылбек Касымалиев Башкы план борбор калаанын узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык жана аймактык өнүгүүсүн аныктаган негизги стратегиялык документ экенин белгилеп, долбоор коомчулуктун сунуш-пикирлерин эске алуу менен ачык форматта иштелип чыгышы керектигин айтты. Анын айтымында, шаарды туруктуу өнүктүрүү, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, ошондой эле жашыл аймактарды жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо Башкы пландын башкы багыттары болушу зарыл.
Кеңешменин жүрүшүндө 2024-жылдагы административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын аймагы 41 миң гектардан ашканы, калктын саны 1,3 миллионго жакындаганы белгиленди. Ошол эле учурда урбанизациянын күчөшү менен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр жогору болушу мүмкүн экени айтылды.
Ошондой эле шаарда жол-транспорт түйүндөрүнүн жүктөлүшү, транспорт тыгындары, жашыл зоналардын жетишсиздиги жана инженердик-коммуналдык инфраструктуранын эскириши сыяктуу бир катар системалык көйгөйлөр бар экени белгиленди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Башкы пландын долбоору 2025-жылдын октябрь айында коомдук талкууга коюлуп, 300дөн ашык сунуш-пикирлер түшкөнүн билдирди. Алар документти андан ары иштеп чыгууда эске алынат.
Башкы планды иштеп чыккан адистер Бишкектин учурдагы абалына жана 2050-жылга чейинки өнүгүү багыттарына байланыштуу презентацияны сунушташты.


