Кара-Суу районунда 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Андагул айылында Т. Шериев атындагы 150 орундуу жаңы мектептин курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Долбоорго ылайык, Г-формасындагы эки кабаттуу имарат үч блоктон турат.
Жаңы мектеп окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүп, билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган.