Кыргызстан менен Корея электрондук бажы кызматташтыгын өнүктүрүүдө кызматташат

Кыргызстан менен Корея электрондук бажы кызматташтыгын өнүктүрүүдө кызматташат

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квандже менен жолугушуп, эки тараптуу бажы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда санариптештирүү, электрондук документ жүгүртүү жана маалыматтык системаларды модернизациялоо боюнча долбоорлор каралды. Тараптар тажрыйба алмашууга, бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен демилгелерди алдыга жылдырууга даяр экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев Германиядан салган белектер бөбөктөргө жетти

А.Касымалиев Германиядан салган белектер бөбөктөргө жетти

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин Германияга болгон иш сапарынын алкагында Берлиндеги "Кыргыз почтасы" ААКтын эл аралык почта алмашуу бөлүмү аркылуу жөнөткөн белектери кичинекей дарек ээлерине ийгиликтүү жеткенин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин орун басары Назгүл Бабаканова социалдык тармактагы баракчасына жазган. Эскерте кетсек, 29-ноябрда Адылбек Касымалиев Берлинге Германия болгон

Мамлекеттик кызматчылардын эмгек стажы эми кандай эсептелет?

Мамлекеттик кызматчылардын эмгек стажы эми кандай эсептелет?

КРнын Президентинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алуу, ошондой эле кызмат өтөгөн жылдар үчүн пайыздык кошумча төлөмдөрдү чегерүү тартибин жөнгө салган жобонун жаңы редакциясын карайт. Долбоорго ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкер болгон адамдардын

Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамы бекитилди

Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамы бекитилди

МинКабдын 2025-жылдын 26-ноябрындагы №1022-т тескемеси менен Министрлер Кабинетинин алдындагы Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссиянын курамын бекитти. Комиссиянын төрагасы болуп МинКаб Төрагасынын орун басары дайындалды. Комиссия төрагасынын орун басары — илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары. Комиссиянын курамына экономика жана коммерция, юстиция, финансы, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл,

11 айда негизги капиталга 283 млрд сом инвестиция салынды

11 айда негизги капиталга 283 млрд сом инвестиция салынды

2025-жылдын январь-ноябрынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 18,1%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 2025-жылдын 11 айында каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 18,1%га