Ош шаарында сугат каналдары иретке келтирилүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ош шаарында сугат каналдары иретке келтирилип жатканын билдирди.
Ош шаарынын аймагында чарбалар аралык маанидеги 15 ири сугат канал бар. Жалпы узундугу 155 чакырымдан ашкан сугат каналдарынын, 107 чакырымы шаар аймагында жайгашкан. Каналдар Ош шаарынын, Кара-Суу жана Араван райондорунун эгин талааларын сугат суу менен камсыз кылат.
Мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерине байланыштуу каналдарды тазалоо, оңдоо жана курулуш калдыктарын чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул максатта республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүнгөн.
Учурда бир катар каналдарда тазалоо жана оңдоо иштери атайын техникалар менен аткарылып, жумуштарды 2026-жылдын апрелине чейин бүткөрүү пландалууда.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен мыйзамсыз курулуштар алынган аймактарда дарыялардын жана каналдардын суу коргоо зоналары да бошотулуп, бул чаралар каналдардын техникалык абалын жакшыртып, үзгүлтүксүз эксплуатацияны камсыз кылууга өбөлгө түзөт.