VML_KG фирмасына алдангандардын саны 230га жетип, жалпы чыгым 20 млн сомдон ашты

VML_KG фирмасына алдангандардын саны 230га жетип, жалпы чыгым 20 млн сомдон ашты

Коомчулуктун көңүлүн бурган  VML_KG компаниясынан жабыркагандардын жалпы чыгымы болжол менен 20 млн сомду түзөрүн, бирок реалдуу жоготуулар мындан да жогору болушу мүмкүн экенин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, юридика илимдеринин кандидаты, милициянын подполковниги Чолпон Назаркулова прадио эфирде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин жабыркагандардан 230дан ашуун арыз түшкөн жана алардын саны өсүп жатат.

"Биздин божомолубуз боюнча, өлкө боюнча жабыркагандардын саны 10–12 миң адамга чейин жетиши мүмкүн. Компания 40ка жакын кеңсе аркылуу иш алып барган, алардын ар биринде 200–300дөн катышуучу катталган", — деди Назаркулова.
Милициян подполковнигинин айтымында, компания катышуучуларга жарнамаларды  бир жолу көрүү үчүн 10 сомго чейин убада кылып, түшкөн каражатты жумасына бир жолу банктардын бириндеги эсепке чыгарып турган. Минималдуу салым — 4,8 миң сом, орточо салым — 27 миң сом, максималдуу салым — 69,6 миң сом болгон.

Айрым үй-бүлөлөр жалпысы болуп 1 млн сомго чейин каражат салган учурлар да катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү