Айыл чарба министрлиги Курултайдагы кайрылуулар үчүн электрондук система түздү

Айыл чарба министрлиги Курултайдагы кайрылуулар үчүн электрондук система түздү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги III Элдик Курултайда делегаттардан келген суроо-талаптардын жана сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн электрондук кырдаалдык картаны тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кзыматынан билдиришти.

Маалыматтык система министрликке караштуу "Агросмарт" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан. Система Курултайда эле келип түшкөн суроолорду жана сунуштарды камтыйт.

Ар бир колдонуучуга жеке логин жана пароль берилет, бул маалымат коопсуздугун камсыз кылат. Система аркылуу аткарылып жаткан иштер этап-этабы менен чагылдырылып, министрликтин жетекчилиги туруктуу көзөмөл жүргүзө алат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча эң көп суроо-талаптар жана сунуштар дал ушул министрликке келип түшкөнү белгиленди.

2025-жылга карата Курултайдан 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Алардын ичинен 50 иш-чара (12%) аткарылып, 360 иш-чара (88%) аткарылуу баскычында турат. Кайрылуулардын 60% ирригация маселелерине, 23% ичүүчү таза суу көйгөйлөрүнө тиешелүү.

Министрлик билдиргендей, ичүүчү таза суу долбоорлорун ишке ашыруу орточо 3–3,5 жылга созулат жана туруктуу каржылоо менен көзөмөлгө алынган. Системанын жардамы менен министрлик жарандардан түшкөн суроо-талаптарды натыйжалуу аткарып, мамлекеттик иштердин ачык-айкындуулугун камсыз кылууну пландап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү