Бишкек шаарынын мэри майыптыгы бар жарандарды кабыл алып, пикир алмашты

Бишкек шаарынын мэри майыптыгы бар  жарандарды кабыл алып, пикир алмашты

Шаар мэри менен жеке жолугушууга келген жаш спортчу Эрдик Таалайбек уулунун башкы маселеси турак жайдын жоктугу болгон. Анын айтымында реабилитациялык борборлордун алдында спорт залдары түзүлсө мүмкүнчүлүгүү чектелген жарандардын ден соолугун чыңоого өбөлгө түзүлмөк.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мэр анын маселесин угуп, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын тизмесине киргизүү үчүн документтерди даярдоону сунуштады.

Ал эми Айдана Өмүрбекова шаардык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү жана жумушка орношуу боюнча сунуштарын билдирүү үчүн келген.

Мэр ага муниципалитеттен жумуш сунуштап, тиешелүү кызматтарга бул маселени кароону тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик аянтчалардын бири болгон ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышууга даярдык көрүп жатат. Бул иш-чара Берлин шаарында өтөт. Даярдык иштерин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Туризм департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө. Мунун алкагында ата мекендик туроператорлор, дестинация өкүлдөрү жана Кыргызстан туристтик уюмдар ассоциациясы катышкан иш кеңешмеси өтттү. Жыйын учурунда