Кыргызстан менен Катар кылмыштуулукка каршы кызматташууну күчөтөт
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев Катар Мамлекетинин Башкы прокурору, доктор Исса бин Саад Аль-Джафали Аль-Нуайми менен Доха шаарында жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү, коррупцияга жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, экстрадициялоо, соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жана кылмыш иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу эл аралык келишимдерди түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки мамлекеттин прокуратура органдарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.