ӨКМ: 5 жылда калыбына келтирүү иштерине 2,7 млрд сомдон ашык бөлүндү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жыл сайын өлкөдө калыбына келтирүүнү талап кылган 330дай объект аныкталып, бул иштерге республикалык бюджеттен 500 миллион сомго чейин каражат каралат. Соңку беш жыл ичинде бул көрсөткүч 2,7 миллиард сомду түздү.
Ошондой эле, суу коргоо зоналарында жана кооптуу аймактардагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда. Учурда 1782 курулуш аныкталып, 643ү бузулду, калган курулуштар боюнча иштер уланууда.
Жарандык коргонуу тармагында 4389 буйрук берилди: 922си коркунучту жоюуга, ал эми 3447си кооптуу аймактардагы тургундарга жөнөтүлгөн. Көчүрүлүүгө тийиш болгон 3858 үй-бүлөнүн 3447си эскертме кагаздарын алышкан.
Мындан тышкары, 75 чакырым дамба, 7 көпүрө курулуп, 300 чакырымдан ашык селди бурчу каналдар бекемделди. Натыйжада 142 000 үй жана 69 000 гектар айыл чарба жерлери корголду.