Таласта Жаратылыш министрлигине караштуу 80 млн сомго жаңы имарат курулат

Таласта Жаратылыш министрлигине караштуу 80 млн сомго жаңы имарат курулат

Бүгүн 18-декабрда Талас шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын жаратылышты коргоочулары үчүн жаңы административдик имараттын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Б. Джусупбеков, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М. Байжигитов жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жаңы имараттын сметалык баасы 80 млн сомду түзөт жана курулуш Министрликтин бюджети аркылуу каржыланат. Жалпы аянты 900 чарчы метрди түзгөн имарат облустук башкармалыктын ишин натыйжалуу жүргүзүүгө багытталган заманбап шарттар менен камсыздалат.

Бул долбоор министрликтин аймактык башкаруу системасын чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Имарат пайдаланууга берилгенден кийин жаратылыш ресурстарын коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана техникалык көзөмөлдү күчөтүү иштери кыйла натыйжалуу жүргүзүлүп, жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жогорулайт.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү