Токмоктогу мунай заводу суюлтулган газ өндүрүүнү пландоодо

Токмоктогу мунай заводу суюлтулган газ өндүрүүнү пландоодо

Токмок шаарындагы "Токмок мунай иштетүү заводу" ЖЧКсы суюлтулган газ өндүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу мэрдин биринчи орун басары Азамат Намазалиевдин аталган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышуусу учурунда белгилүү болду.

Завод Токмок шаарынын өнөр жай аймагында 24,6 гектар аянтты ээлейт. Негизги багыты – мунайды кайра иштетүү. Ишкана 2018-жылдан бери чийки заттын туруктуу камсыз болбогондугунан жана анын жогорку баасы өндүрүштү кирешесиз кылгандыгына байланыштуу ишин токтоткон.

Учурда нефтебазаны кайра жандандыруу максатында реконструкциялык иштер жүрүп жатат. Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин болжол менен 100 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Маалыматка караганда, заводду толук ишке берүү 2026-жылга пландалууда жана суюлтулган газ өндүрүшүн ишке киргизүү каралууда. Бул Токмоктун өнөр жайын кеңейтүүгө жана энергетикалык секторду өнүктүрүүгө маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт 2025-жылдын миграциялык абалы жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу брифингде маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда (341 094), ошондой эле АКШда (60 миң), Германияда (15 миң), Кореяда

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Ноябрь айында Бишкек шаарында кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо баасы сегменттер боюнча олуттуу айырмаланганын Жер ресурстары боюнча агенттиктин маалыматы көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүчтөр турак үйлөр сегментинде катталган, ал эми эң төмөнкү баалар социалдык жана административдик кыймылсыз мүлккө тиешелүү. Бишкек шаарында 1 чарчы метрдин орточо баасы сом менен: * Турак жай