Бишкекте №2 электробус каттамы иштей баштайт
19-декабрдан баштап Бишкек шаарында №2 троллейбус каттамынын ордуна жаңы №2 электробус каттамы иштей баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы маршрут Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна (Интергельпо көчөсү) чейин жүрөт. Электробустар мурда троллейбустар тейлеген жолду алмаштырып, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу жана заманбап транспорт менен кызмат көрсөтөт.
