Кара-Сууда 105 млн сомго курулган жаңы мектеп жакында ачылат

Кара-Сууда 105 млн сомго курулган жаңы мектеп жакында ачылат

Кара-Суу районунун Кайрагач айылында жаңы мектептин курулушу толук аяктап, жакынкы күндөрү окуучуларга эшигин ачат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

275 орунга ылайыкталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, долбоордун жалпы наркы 105 миллион сомду түздү.

Жаңы мектеп төрт блоктон туруп, эки кабаттуу окуу имаратын, жыйындар залын жана спорт залын камтыйт. Имараттын жалпы аянты 2 262 чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштери заманбап талаптарга ылайык жүргүзүлүп, мектеп билим берүү процессине керектүү бардык жабдуулар менен камсыздалды. Жаңы билим берүү мекемеси айылдагы окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик аянтчалардын бири болгон ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышууга даярдык көрүп жатат. Бул иш-чара Берлин шаарында өтөт. Даярдык иштерин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Туризм департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө. Мунун алкагында ата мекендик туроператорлор, дестинация өкүлдөрү жана Кыргызстан туристтик уюмдар ассоциациясы катышкан иш кеңешмеси өтттү. Жыйын учурунда

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен