Ош шаарында Европа Биримдиги менен биргелешкен демилгелер талкууланды
Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаардын өнүгүүсү, климатка ыңгайлашкан инфраструктураны жакшыртуу, билим берүү жана социалдык тармактагы долбоорлор боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле жолугушууда Европа Биримдиги менен келечектеги биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.


