Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын ишмердүүлүгү жакшыртылат

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын ишмердүүлүгү жакшыртылат

Күн мурун Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жетекчилиги Борбордук лабораториянын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш сапар учурунда лабораториянын абалы, жүргүзүлүп жаткан анализдердин сапаты жана ыкчамдыгы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана кадрдык потенциалы каралды.

Директор М.Кочеров лабораториянын ишин жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди: санариптештирүү, анализдерди так жана кыска мөөнөттө жүргүзүү, аккредитация маселелерин талапка ылайык чечүү. Мындан тышкары, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана заманбап изилдөө ыкмаларын киргизүү сунушталды.

Бул иш-чара өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоого жана лабораториялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Президенттик балатыга 1 100 бала катышты

Президенттик балатыга 1 100 бала катышты

Бүгүн, 19-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн Президенттик жаңы жылдык майрам салтка айланган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1 100 бала катышты. Алардын ичинде мыкты окуучулар, олимпиадалардын жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн жана

Япония менен Кыргызстан биотехнологиялар  жаатында кызматташууну талкуулады

Япония менен Кыргызстан биотехнологиялар жаатында кызматташууну талкуулады

Токиодо өткөн "Борбордук Азия + Япония" бизнес-форумунун алкагында Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров JFR Co. Ltd. компаниясынын жетекчиси Номибицу Акаэ менен биотехнология тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулоо боюнча жолугушуу өткөргөнүн агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Япониянын сапат стандарттарын жана JFR Co. Ltd. компаниясынын технологияларын колдонуу

Мамлекеттик питомниктерди жаңылоо үчүн 534 миң долларлык грант берилет

Мамлекеттик питомниктерди жаңылоо үчүн 534 миң долларлык грант берилет

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде көчөт өстүрүү боюнча мамлекеттик питомниктерди өнүктүрүүгө гранттык каражаттар бөлүнүп, гранттык келишимдерге кол коюлду. Жалпы каржылоонун көлөмү 534 миң АКШ доллары түзөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чара "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ" долбоорунун алкагында уюштурулду. Конкурстун жыйынтыгында Ош

“Кыргызфармациянын” аудитинде бюджеттик жана эсептик кемчиликтер аныкталды

“Кыргызфармациянын” аудитинде бюджеттик жана эсептик кемчиликтер аныкталды

Эсептөө палатасы 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” ишканасынын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти. Ишкана мамлекеттик медициналык уюмдарды жана калкты жеткиликтүү баада дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу максатында иштейт. Анын 2024-жылга карата бюджети 4,99 млрд сом кирешежана 4,84