Президенттик балатыга 1 100 бала катышты

Президенттик балатыга 1 100 бала катышты

Бүгүн, 19-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн Президенттик жаңы жылдык майрам салтка айланган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1 100 бала катышты. Алардын ичинде мыкты окуучулар, олимпиадалардын жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле укук коргоо органдарынын жана аскер кызматчыларынын балдары болду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу 2025-жылдагы Президенттик балатыга 204 бала катышты. Алар — ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын балдары, жетим балдар, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы социалдык жана стационардык мекемелердин кызмат алуучулары жана өкмөттүк эмес уюмдардын балдар топтору.

Мамлекеттик катчы А.К. Койчиев Президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо кайрылуусун окуп берди. Кичинекей коноктор үчүн балдар бий коллективдеринин театралдаштырылган музыкалык жаңы жылдык көрсөтүүсү тартууланды.

Иш-чаранын соңунда балдарга Президенттин атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик аянтчалардын бири болгон ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышууга даярдык көрүп жатат. Бул иш-чара Берлин шаарында өтөт. Даярдык иштерин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Туризм департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө. Мунун алкагында ата мекендик туроператорлор, дестинация өкүлдөрү жана Кыргызстан туристтик уюмдар ассоциациясы катышкан иш кеңешмеси өтттү. Жыйын учурунда

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык