Саламаттык сактоо тармагындагы аудит: Бюджет 93%га аткарылды
2024-жылдын ичинде Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Аудитте 2023-жылга карата мурда берилген буйруктар менен сунуштамалардын аткарылышы талданып, алардын басымдуу бөлүгү аткарылганы аныкталды. Кайтарылууга тийиш болгон каражаттардын бир бөлүгү бюджетке кайтарылды.
“2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга ылайык, министрликтин бюджети такталып, жыл жыйынтыгы менен аткарылышы 93 пайыздан ашты.
Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарындагы кадрдык камсыздоо, эмгек акы төлөө шарттары каралып, кадр жетишсиздиги жана бош штаттык орундар медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө таасир эткени белгиленди.
Мындан тышкары, дары-дармекти эсепке алуу, бухгалтердик отчеттуулук жана бюджеттик каражаттарды пайдаланууда айрым кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча сунуштар берилди.